Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Алдыртан тымызын кароо, акырын байкоо. Нары четте мылтыкчан солдат мурутун салаңдатып, көз кыйыгын салып, чылым ороп турган (Касымбеков). Жылаңайлак өз бутуна көз кыйыгын салып, курөң айгырдын түктөрүн такымынан күбүдү (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алдыртан тымызын кароо, акырын байкоо. Нары четте мылтыкчан солдат мурутун салаңдатып, көз кыйыгын салып, чылым ороп турган (Касымбеков). Жылаңайлак өз бутуна көз кыйыгын салып, күрөң айгырдын түктөрүн такымынан күбүдү (Осмоналиев). В.: Көз кыйыгын имерүү. Букарбай жүрөгү шуу эте Мусакожого көз кыйыгын имерди (Бейшеналиев). Болкойгон сакалдуу жолоочу астыртан көз кыйыгын имерди («Кыргызстан маданияты»). Көз кыйыгын жиберүү. Отургандарга көз кыйыгын жиберди. Көз кыйыгын жиберип, акырын артынан карады (Байтемиров). Көз кыйыгын таштоо. Кален көл жакка көз кыйыгын таштады (Укаев). Көз таштоо. Керегелерде илбирс, карышкыр терилери илинген үй ичине Саякатчы көз таштады (Осмоналиев).